"Украина президенти Петро Порошенкону тамашага салган Орусиянын пранкерлери менен байланышта болгон" деп Кыргыз Республикасынын бир тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Кармалган жаран камакка алынды, окуяны териштирүү убагында камакта болот.
Украина тарап "президент Петро Порошенконун үстүнөн тамаша уюштурууга катышты" деп Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлигин айыптоодо. Украина президентинин басма сөз катчысы Святослав Цеголко Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлеринин катышуусусуз телефондук сүйлөшүү уюштуруу мүмкүн эместигин айтты.
Эскерте кетсек, Украина президентинин расмий сайтында 2-ноябрда президент Петро Порошенко менен мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзгөнү тууралуу маалымат жайгаштырылган. Анда өлкө жетекчилери Кыргыз Республикасы-Украина кызматташтыгын, саясий диалогду жандантуу, соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүү тууралуу пикир алышканы айтылат. Бирок Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков Порошенко менен Атамбаевдин ортосунда эч кандай телефондук сүйлөшүү болбогонун, Украина президентин кимдир бирөө тамашага салган болушу мүмкүн экенин маалымдаган эле.
Кечээ орусиялык пранкер Владимир Кузнецов (каймана аты Вован) социалдык тармактагы жеке баракчасына өзүнүн президент Алмазбек Атамбаевдин атынан Петро Порошенко менен телефондон сүйлөшкөн аудиосун жарыялады.