Нарын облусунда бир автоунаа менен жолго чыккан 6 адам дайынсыз жоголду. Бул тууралуу 18-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
17-ноябрда кечке маал Ниссан унаасында 6 адам Ак-Сай өрөөнүнөн Баш-Кайыңды айылына жолго чыгып, дайынсыз жоголуп кетти. Бүгүн саат 18:30 чамасында ӨКМнын райондук куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары, №20-Жол тейлөө ишканасынын башкы инженери издөө иштерине тартылды. Жоголгондор табыла элек.