Ырчы Иса Өмүркулов карындашы ооруп жаткандыктан, жардам сурап коомчулукка кайрылды. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына бүгүн, 18-ноябрда билдирди.
"Мен деле көптөгөн кайрымдуулук концерттерине катышып жүргөм. Мындай болуп кетерин күткөн эмеспиз. Бир тууган агамдын кызы ооруп калды. "Инфантилдүү нефротикалык синдром" деген диагноз коюшту. Анда организмден заара менен кошо белок көп өлчөмдө чыгып кетет экен. Андай учурда наристенин кан басымы көтөрүлүп, бөйрөккө терс таасирин тийгизет. Анын курагында бөйрөгүн алмаштыруу мүмкүн болбогондуктан жана бөйрөктүн жакшы иштеши үчүн учурда кымбат баалуу, азаптуу дарылануудан өтүүгө туура келип жатат. Андыктан боорукер, жардам берүүгө даяр мекендештерибизге кайрылып жатабыз", - дейт ырчы.
Ошондой эле ырчы жакын арада карындашына каражат чогултуу үчүн концерт уюштурууну пландап жатканын кошумчалап, кайсы күнү болорун дагы кабарлай турганын айтты.