
Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун берген маалыматы боюнча, бүгүн, 18-ноябрда саат 21:16да жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Республиканын аймагында очогунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталган, очогу Нарын облусунун Нарын-Тоо тоо кыркаларында болгон. Нарын облусунун Нарын районунун Эки-Нарын, Таш-Башат айылдарында 3,5 баллга, Ат-Башы районунун Ак-Муз, Өзгөрүш айылдарында 3 баллга, Нарын шаарында 2,5 баллга сезилген", - деп айтылат маалыматта.
Кыйроолор болбогону кошумчаланды.