Кыргыз Республикасынын жарандыгына 303 адам кабыл алынып, 255 адам жарандыктан чыгарылды

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө” 4 жарлыкка кол койду. Бул тууралуу 18-ноябрда президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Президенттин 3 жарлыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгына 303 адамды кабыл алуу тууралуу. Алардын басымдуу бөлүгү этникалык кыргыздар – тарыхый мекенине кайтып келген Өзбекстан жана Тажикстандын мурдагы жарандары. Башка жарлык менен Кыргыз Республикасынын жарандыгынан 255 адам чыгарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан