Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына төш белгинин үлгүсүн тандоо жөнүндө" жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, төш белгинин үлгүсүн тандоо боюнча сынактык комиссия түзүү, комиссиянын тандоо жыйынтыгы боюнча, бирок 3 айлык мөөнөттөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына төш белгинин үлгүсүн бекитүүнү караган актынын долбоорун киргизүү тапшырмасы берилди. Жарлыктын аткарылышын Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы көзөмөлдөйт. Ал эми сынактык комиссиянын ишин материалдык-техникалык жактан камсыздоо милдети президенттин жана өкмөттүн Иш башкармалыгына жүктөлөт.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.