Быйыл кышында көмүрдүн баасы азыркы баасынан кымбаттабайт деген кепилдик жок. Мындай пикирди депутат Кожобек Рыспаев 18-ноябрда журналисттер менен жолугушууда билдирди.
"Мен баа көтөрүлбөйт деп кепилдик бере албайм, анткени бул тармак негизинен жеке колдордо. Жеке компаниялар элдин сатып алуусуна жараша бааларды өздөрү коюшат. Бирок көмүр менен камсыз кылууда "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы негизги мекеме болуп саналат. Ошондуктан баалар кескин көтөрүлөт деп ойлобойм. Бүгүнкү күндө көмүрдүн 1 тоннасынын баасы болжолдуу 3,8 миң сом, өлкөнүн түштүгүндө бир аз кымбат болушу ыктымал", - дейт депутат.
Депутат электр энергиясынын баасы да азырынча арзандабай турганын кошумчалады.