Балыкчылыктар Темир Сариевди "Көлдүн досу жайында келет, элдин досу кышында келет" деп тосуп алышты

Бүгүн, 19-ноябрда мурунку премьер-министр, саясатчы Темир Сариев Ысык-Көл облусунда жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрүүдө. Алгач Сариев Балыкчы шаарынын жашоочулары менен жолугушту.

Анын жүрүшүндө балыкчылыктар Темир Сариев Ысык-Көл облусуна чоң көңүл бурганын айтышты. "Облустагы магистралдык жол Советтер Союзунда салынган. Андан бери оңдоо иштери жүргөн эмес. Былтыр жол жараксыз абалга келгенде оңдолуп баштады. Балыкчылыктар үчүн ары-бери жүргөнгө жакшы болуп жатат. Сариев жетектеген өкмөткө ыраазычылык билдиребиз. Кыргызда сөз бар: "Ысык-Көлгө көлдүн досу жайында келет, элдин досу кышында келет". Суук мезгилде бизге келгениңиз үчүн чоң рахмат!" - дешти Сариевге балыкчылыктар.

Мындан тышкары алар Темир Сариевге чейинки премьер-министрлер Ысык-Көл облусунун көйгөйлөрүнө анча көңүл бурбай келгенин айтышты. "Өлкөнүн бардык аймактарында жолдор жасалып келген. Ысык-Көл облусу акыркы планга калчу. Темир Сариев "Ысык-Көл Борбор Азиядагы Мекке болсо, жолдору начар экен, жолдорду жасаш керек" деп демилге көтөргөн. Ошентип, Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларындагы ички жолдор салына баштаган. Ошону менен катар былтыр Балыкчыдан баштап Корумдуга чейинки жолдун курулушу боюнча бардык жоопкерчиликти моюнуна алып, президент Атамбаев менен кеңешип жолду баштаган. Тилекке каршы, жолду баштагандан кийин өзүнчө саясат болуп кетти", - дешти тургундар.

"Көлдүн досу жайында келет, элдин досу кышында келет"
Балыкчылыктар Темир Сариевге ыраазычылык билдиришти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
sirgak_92
2016-11-19 12:43:13
Мен Сариевди президенттикте коргум келет
-11
Nursultankyrgyz
2016-11-19 13:16:16
sirgak_92,Кечиресин,тушундо кор.Ал иштей албайт,биздин элге такыр тушуно албадым.Анын ордуга элге куйгон,патриот,жердешинер Садыр Жапаровду колдоп,коргоп койсонор болмок.Темир Сариев кыргыз эмес,улуту башка ошонуда билип кой.
-4
sirgak_92
2016-11-19 14:21:10
Сен билдиргидей кимсин
+1
Santanna
2016-11-19 13:42:08
sirgak_92,Коз бойомо калпычыны президент коргун келеби кайсы акылын менен?Бул созун мн жон гана адамдын кулкусун келтиресин. ..
+1
sirgak_92
2016-11-19 16:26:49
Santanna,кулкун келсе кулуп ал бул жака
Жазбай
0
zhykyo
2016-11-19 13:45:51
Ооо мен Темир Сариевти колдойм
-6
modem4999
2016-11-19 13:49:22
Президенттике жарай турган киши,чыкыйат го Темир Аргенбаевич азаматсыз!
-13
Santanna
2016-11-19 14:00:25
modem4999,Сырты жалтырактын ичи калтырак ))))
+5
modem4999
2016-11-19 14:04:56
Santanna,Билими да ,духу да,тажрыйбасы,возможносту бут жетет президент болгонго.
-8
tulpar90
2016-11-19 15:37:25
modem4999,билими кандай билбейм акчасы коп.
-6
kanat.ozgorush
2016-11-19 14:19:18
эч жалтанбай суйлогон чыныгы патриот Текебаев Омурбек Чиркешивич
-19
tulpar90
2016-11-19 14:49:31
kanat.ozgorush,жоок
0
barakcha
2016-11-19 15:11:12
kanat.ozgorush,туура айтасыз!
-11
zhykyo
2016-11-19 14:20:18
Эркек
-4
Musabaeva.
2016-11-19 15:33:04
Ким козго жакшы корунсо ошого ооп кетет ушул эл, шайлоого добуш топтоо алдын ала.Бийликте жургон эскилердин бири да татыктуу эмес "Президенттике!"
+6
tulpar90
2016-11-19 15:45:43
Musabaeva.,туура
+3
Bakytchik
2016-11-19 15:42:33
Т.Сариев президенттике таптакыр татыксыз!Менин баамымда ото бой которуп жердешчил элди болуп жаргандардын сап башында турат.Президенттике талапкерлер козу карындай жайнайт бирок ошонун бироосунон да мамлекетибизди кантип сактап онуктуруп кете турган пикирди(жок дегенде)уга алган жокмун.Менин суранычым ким ажо болсо да 6млн адамдын эртенин ойлогула тентиретпей.Москвада бассан бутун кыргызга чалынат.Уялам,арданам биздин кадырыбыз жок экенине.
+7
adyl.xxxxx
2016-11-19 17:34:53
Элдин досу шайлоодо келет десе туура болмок, сариев ХХХ ХХХ.
+4
admin_portal
2016-11-21 11:39:56
adyl.xxxxx, кимдир-бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө жол берилбейт! Эскертүү!
0
basyz-kaman
2016-11-19 17:56:26
Сариевдин президенттике татыктуу же татыктуу эмес экендигин билбедим бирок Ыссык-Көл обулусуна көңүл бургандыгы жана жол салгандыгы чындык.
+1
Musabaeva.
2016-11-19 18:17:06
basyz-kaman,шайлоо болуп жатса ким эле кылбай койсун, аябай иштерман болуп кетишет, колдогондор кийин чыныгы жузун коргондо наоборот болушат..Тереен ойлонсонор кайсы президент убагында Кыргызстанда жылыш болду эле?
+2
basyz-kaman
2016-11-20 10:49:37
Musabaeva., Бакиевдин убагында жылыш болгон, болгондо дагы жакшы жылыш болгон. Бул нерсени көпчүлүк тастыктайт. Болгону Бакиев бир туугандарын, баласын бийлике аралаштырып аларды тыя албагандыгында ката болду.
+2
Santanna
2016-11-19 20:12:21
basyz-kaman,Президенттик шайлоо жакындап жатат да аркасындагы былыктарын жаап элдин козун бойойун деп 1жол кургандыр
0
Ernisbii
2016-11-19 21:17:57
Чынында Сариев жакшы иштеп жаткан саясат болуп алып койушту.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан