Нарын облусунда жоголуп кеткен 6 адам табылды. Бул тууралуу 19-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
17-ноябрда кечке маал Ниссан унаасында 6 адам Ак-Сай өрөөнүнөн Баш-Кайыңды айылына жолго чыгып, дайынсыз болуп жаткан. 18-ноябрда ӨКМнын райондук куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары, №20-Жол тейлөө ишканасынын башкы инженери издөө иштерин баштаган эле. Жоголгондор 19-ноябрда таңга маал, саат 04:40 чамасында Ак-Сай өрөөнүндөгү Кында ашуусунан табылды. Унаа жолго тыгылып калганы, унаадагы адамдардын абалы жакшы экени айтылды.