Мындан 23-жыл мурун, 1993-жылы унутулгус комедиялык тасмаларды жараткан советтик режиссёр Леонид Гайдай 70 жашында оорудан улам каза болгон.
Популярдуу кинокомедиялардын жаратуучусу, советтик режиссёр, СССРдин Эл артисти, тагдырын тарых кылып жашаган Леонид Гайдай 1923-жылы 30-январда Амур облусунун Свободный шаарында төрөлгөн. 1942-жылы аскерге чакырылып, мектепте немис тилин окугандыгы үчүн Калинин фронтуна чалгындоо бөлүмүнө жиберилген. 1943-жылы жарадар болуп (бутун ампутацияга бербей койгон), өмүр бою кыйноого салган жараат алган. Госпиталдан чыгары менен мурда өзү иштеген драма театрдын алдындагы студияга тапшырып, аны 1947-жылы бүтүрүп чыккан.
1949-жылы Москвага келип, ВГИКтин режиссёрдук факультетине тапшырган. Ал жерден да көпчүлүктө боло бербеген ой жүгүртүүсү, ойлоп табуусу, актёрдук чеберчилиги Пырьев, Барнет сыяктуу мэтрлерди таң калтырган.
Кино ишмери Михаил Ромм Гайдайдан чебер комедиограф чыгарына ишеним көрсөтүп, "Тиги дүйнөдөн келген күйөө бала" ("Жених с того света") фильминин жаралышына көмөк көрсөткөн. Бюрократтарды мыскылдаган тун комедиясы Маданият министрлиги тарабынан сынга алынып, өзгөртүү, кыскартуу менен экранга чыккан. Бул Гайдай үчүн оор сокку болгон. Кийинки жараткан идеологиялык пафостогу фильми да ийгилик алып келбей, бир жылдай кино тармагынан алыстай түшкөн Гайдай 1961-жылы Барбос ити менен байланышкан "Таптакыр тамашасы жок" ("Совершенно серьезно") кыска метраждуу фильмдери менен кайра кайтып келген. Алгачкы каармандары Балбес-Трус-Бывалый (Никулин-Вицин-Моргунов) менен иштөөнү улантып, "булар баарына белгилүү, эми башка жаңы каарман түзүш керек" деп Шурик - Александр Демьяненко кошулган квартеттин катышуусунда "Ы" операциясы жана Шуриктин башка окуялары" ("Операция "Ы" и другие приключения Шурика"), "Кавказ туткуну" ("Кавказская пленница") фильмдерин жараткан. Ушул эки фильм жана "Бриллиант кол" ("Бриллиантовая рука") тасмасы үчүн (1968) 1970-жылы Мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон.