Президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды.
Мамлекет башчыга коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ИИМдин пландары тууралуу маалымат берилди. Милиция кызматкерлери үчүн турак жайларды куруу иштерин мындан ары улантуу пландары да талкууланды.
Мамлекет башчысы өлкөдө коопсуздукту камсыздоо ишинде ички иштер органдарынын жоопкерчилигин белгиледи. Айтымында, иш жүзүндө коррупцияны жоюу жана жарандардын милицияга болгон ишенимин арттыруу үчүн укук коргоо органдарынын тутумун реформалоо боюнча ИИМ жетекчилигинин алдында маанилүү милдеттер турат.