Бүгүн, 19-ноябрда мурунку премьер-министр Темир Сариевдин Ысык-Көл облусунун тургундары менен жолугушуулары уланууда. Алгачкы жолугушуу Балыкчыда өтүп, андан соң Сариев Чок-Тал айылына барды. Чок-Талдын тургундары аны менен сүйлөшүүдө Балыкчы-Корумду унаа жолун оңдоп-түзөөнү демилгелегени үчүн ыраазычылыгын билдиришип, бул жолдо унаалар катуу ылдамдыкта жүргөнүн айтып ага арызданышты.
"Аймагыбызда жол салынгандан бери кырсыктар көп болду. Жакында эле бир киши каза болду. Балдарыбызды мектепке жалгыз жөнөтүүдөн коркобуз", - дешти тургундар.
Темир Сариев айыл башчыны чакырып, ага жол коопсуздугу абдан маанилүү экенин айтып, бул маселеге өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин билдирди. "Жол коопсуздугун камсыздаш үчүн жол чырактарды, жол белгилерин орнотуу керек. Бул маселе менен район башкармалыгына, облус башкармалыгына кайрылышыңыз зарыл. Улам-улам айтып туруш керек", - деди айыл башчыга Сариев.