Кара-Кулжа районунун Капчыгай айыл өкмөтүнө электр энергиясы берилди, Кызыл-Жар, Ой-Тал, Алайкуу айылдары электр жарыгысыз жана уюлдук байланышсыз калууда. Бул тууралуу 19-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 75-80-чакырымдарын кардан тазалоо иштери жүрүүдө.
Эскерте кетсек, 17-ноябрда Кара-Кулжа районунун бир катар айылдарында жааган кардын калыңдыгы 1 метрден ашкан. Анын кесепетинен ал айылдарда электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. Андан сырткары Ой-Тал айыл аймагынын Көңдүк айылында, Кызыл-Жар айыл аймагынын Терек, Коо-Чаты айылдарында, Алайкуу айыл аймагынын Көк-Арт айылында ички чарбалык жолдор жабылып калган.