2005-жылы октябрь айында БУУнун Башкы ассамблеясы ноябрь айынын үчүнчү жекшембисин Бүткүл дүйнөлүк жол кырсыгында каза болгондорду эскерүү күнү деп белгилеген. Дүйнө жүзүндө жол кырсыгынан бир күндө 3 миңден ашуун адам көз жумуп, 100 миңге жакыны оор жаракаттарды алат. Каза болуп, жабыр тарткандардын көпчүлүк бөлүгүн жаштар түзөт. Бул күндү белгилөөнүн максаты - жол кырсыгында курман болгондорду эскерип, жакындарына көңүл айтуу жана мамлекеттердин өкмөттөрүн, жоопкерчиликтүү уюмдарды жол кыймылындагы коопсуздукту камсыз кылууга чакыруу.
Эскерте кетсек, быйыл 18-ноябрда Бишкектеги "Жеңиш" аянтында жол кырсыгы көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруу максатында иш-чара өткөн. Ал жерге студенттер, Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери, милиция кызматкерлери жана медиа өкүлдөрү катышкан. Статистикага таянсак, бир жылда Кыргыз өлкөсүндө жол кырсыгынан миңден ашуун адам каза болуп, 10 миңден ашууну жаракат алат. Бул күн сайын үчтөн ашык адам жол кырсыгынан көз жумат дегенди билдирет.
20-ноябрга карата жылнаама.