Базар-Коргон районунда жааган кардын кесепетинен үзгүлтүккө учураган электр энергиясы калыбына келтирилди. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 20-ноябрь күнү саат 10:00 чамасында жааган кардын кесепетинен Арстанбап, Таштак, Гүмкана, Жарадар, Каба, Үч-Булак, Кыргыз-Каба, Чоң-Ак-Булак, Кичи-Ак-Булак, Көсө-Терек, Катар-Жаңгак айылдарында электр жарыгы үзгүлтүккө учураган.
“Аталган айылдарда кардын калыңдыгы 40 сантиметрге чейин жеткен. Электр энергиясын калыбына келтирүү боюнча райондук электр тармактары мекемесинен 4 бригада жумуш аткарып, калыбына келтирилди”, - деп билдирет ӨКМ.