1 айдан бери казак бажы постунан өтө албай жаткан кыргыз айдоочулары сотко кайрылышты

Кыргызстандын алыскы сапарга жүк ташуучу айдоочулары Түштүк Казакстандын бажы кызматкерлерин сотко беришти. Түштүк Казакстан облусунун Бажы көзөмөлү департаменти билдиргендей, кыргызстандык 5 фура бир айдан бери казак бажысынын убактылуу токтотуучу жайында турат. Казак бажычыларынын айтымында, кыргызстандык бул унаалар Бажы союзуна кирген аймактар, анын ичинен Казакстандын аймагы аркылуу жүк ташууга мүмкүн эмес. Ал эми буга кыргызстандык айдоочулар макул эмес. Кыргызстандык айдоочулардын колдорунда тиешелүү документтери болгонуна карабай унааларын убактылуу токтотуучу жайга киргизип коюшкан. "Баш аламандык болуп жатат. Башка өлкөнүн жараны болгону үчүн мындай мамиле кылган болбойт. Унаанын ичинде жашап жатабыз",- дейт айдоочулардын бири Евгений Варлашин. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан