2013-жылы 21-ноябрда Украинанын Киев шаарында көпкө созулган массалык нааразычылык акциясы - Евромайдан башталган. Бул акцияга өкмөттүн Европалык биримдикке кирүү тууралуу келишимге кол коюуну бир аз токтотуп коё туруу чечими себеп болгон. Акциянын катышуучуларынын максаты Украина менен Европалык биримдиктин бирге болуу келишимине кол койдуруу, 2013-жылдын 30-ноябрынан кийин - өкмөттү жана президентти отставкага кетирүү, 2014-жылдын 16-январынан кийин - жаңы мыйзамды жокко чыгарып, 2004-жылкы Конституцияга өтүү жана нааразычылык көрсөткөн камактагыларды чыгаруу болгон.
Акция ар кандай митингдер менен коштолгон. 30-ноябрдан баштап укук коргоо органдары менен акциянын катышуучуларынын ортосунда куралдуу кагылышуулар башталып, Киевдеги административдик жана өкмөттүк имараттар басылып алынган. Ал эми 2014-жылдын 22-январында евромайданчылар аймактардагы жергиликтүү бийликтин имараттарын басышкан. Жыйынтыгында премьер-министр Николай Азаров отставкага кеткен, президент Виктор Янукович өлкө аймагынан чыгып кеткен. Мурунку оппозиция убактылуу өкмөт болуп шайланып, 2004-жылдын Конституциясына кайтышкан.
21-ноябрга карата жылнаама.