Бишкекте 17 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя Бишкектин четиндеги мүрзөлөрдүн биринде болгон. Анда 16 жаштагы жигит өзү менен чогуу иштеген 17 жаштагы кызды үйүнө узатып баратып зордуктап салган. Учурда жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылып, тергөө амалдары жүрүп жатат.