Жайыл районунда "досун өлтүргөн" деген шек менен 2 жаран кармалды

Жайыл районунда адам өлүмүнө шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Чүй ОИИББинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 20-ноябрь түнү Кара-Балта шаарында болгон. Анда 26 жаштагы Д.А. достору менен спирт ичимдигин ичип отуруп уруша кеткен. Жыйынтыгында Д.А. алган жараатынан улам ошол жерден каза тапкан. Ыкчам издөө иштеринин негизинде кылмышка шектүү катары 21 жаштагы Р.И. жана 22 жаштагы Н.А. кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gena1
2016-11-21 17:22:34
А.М. Кайда экен ошонун айынан урушса керек да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан