Сокулук районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Милиция кызматкерлерине үстүбүздөгү жылдын 21-август күнү Сокулук районунун 44 жаштагы Ж.С. аттуу тургуну кайрылып, Таалайбек аттуу чала тааныш жигит унаасын сатып алып, бирок акчасын бербей жүргөнүн билдирген. Бул боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 24 жаштагы К.Т. кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.