21-23-ноябрь күндөрү тоолуу аймактардагы унаа жолдоруна кар көчкү түшүү коркунучу бар

21-23-ноябрь күндөрү тоолуу аймактардагы унаа жолдоруна кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 21-ноябрда билдирди.

"21-ноябрдан 23-ноябрга чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргыз жергесинин тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138, 198-275-чакырымдарында, Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 65-90-чакырымдарында, Нарын-Казарман автоунаа жолунун (Кара-Көө ашуусу)
67-94-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-92-чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу бар жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп, муз тоңот", -
деп айтылат маалыматта.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл экенин белгилейт ӨКМ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан