20-апрель күнү Нарын шаарындагы калктуу конуштарда, сейил бактарда ишембилик өтүп, бак-дарак көчөттөрү отургузулду. Шаардын аймагында жайгашкан “Жапаралиев” сейил багына 100 түп терек, “Алма бак” сейил багына 150 түп мажүрүм тал көчөттөрү, “Чабандес” гүл багына 50 түп терек, “Акималиев” сейил багына 350 түп тал көчөттөрү отургузулду. Иш чарага шаардагы мекеме, ишканалардын ондогон кызматкерлери катышты.