Мирлан Бакиров парламенттин Агрардык комитетинин төрагалыгынан өз ыктыяры менен кетти

Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагалыгынан кетти. Бул тууралуу ал өзү бүгүн, 21-ноябрдагы отурумда билдирди.

Анын айтымында, ал аталган комитеттин курамында калат. "Белгилүү болгондой, биздин фракция парламенттеги коалициялык көпчүлүктөн чыккан. Мындан улам мен өз ыктыярым менен Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасы кызматынан кетип жатам. Мен демилгечи болуп сунуштаган мыйзам долбоорлору боюнча баштаган иштерди уланта берем", - деди Бакиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан