Бишкекте таштандыдан нан таап жеген Александр Дорохов бир жылдан бери көчөдө жашайт. Ал барар жери, баш калкалоочу үйү жок экенин айтып берди. Анын Ички иштер министрлигинин имаратына жакын жайгашкан таштанды таштоочу жайда отуруп, ары-бери өткөндөрдөн жардам сурап жатканын көрүп, абалын сурадык.
"Азаптуу жашоону өткөрүп жатам. Кар жаап суук болгондон бери ар бир күнүм тозок менен өтө баштады. Курсак ачка, кийим суу, жатар жерим жок. Көрүнгөн жерде тоголонуп жатып, таңдын атышын күтөм. Кайрымдуу адамдар болсо, баш калкалоочу жайга алып барып киргизип койсо жакшы болот эле", - дейт Дорохов.
Белгилүү болгондой, ал 5 жолу эркинен ажыратылган. Айтымында, алгачкы жолу 30 жыл мурда соттун акыйкатсыз чечиминен улам 1,5 жылга кесилген.
"Бир күнү капыстан милиция "уурулук жасадың" деп кармап кетти. Акчам жок же таанышым жок, ошол боюнча камалып кеткем. Тагдырым талкаланып, жашоодон артта калдым. Үйлөнгөн жокмун. Балам да жок. Эркиндикке чыгып, көп өтпөй уурулук жасоого туура келди, анткени акча таап жашаш керек болду. Кайрадан камалдым. Жалпысынан 5 жолу абакка кесилдим. Акыркы жолу чала тааныш адамды өлтүрүп камалгам. Жалпы 30 жыл темир тор артында жашадым", - деп кошумчалады Дорохов.
Күн сайын таштанды тытып жашоосун өткөргөн Александр учурда 50 жашта. Ал баш калкалоочу жайга барууну эңсейт. Өз өмүрүн кыя албай, жашоо менен күрөшүп келгенин айтты.