Бишкектеги түнкү клубдардын бириндеги бассейнден студенттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
"17-ноябрь күнү түнкү клудардын биринде Студенттер күнү белгиленген. 18-ноябрь күнү эртең менен сырттагы бассейнден студенттин жансыз денесин табышкан. Ал тоңуп каза болгон. Учурда ишти Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы иликтөөдө", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.