Бүгүн, 21-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Атамбаев-Текебаев тиреши "үчүнчү" күчтөрдүн оюну болушу мүмкүнбү? Чырды ушул өңүттөн кароого мезгил бышып жетилди көрүнөт. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы мурунку элчиси Кылычбек Султанов "президент Алмазбек Атамбаев менен "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тирешинин артында "үчүнчү" күчтөр турушу мүмкүн" деген оюн коомчулукка жарыя кылды. “Бул тирештен эки саясатчынын кимиси пайда тапты же табууда? Менимче, эч кимиси. Ал же бул тараптын жеңиши – убактылуу гана "жеңиш". Тескерисинче, экөө тең бирин бири алсыратып, "үчүнчү" күчтөрдүн чырагына май тамызууда”, - деп жазат Султанов. Андан ары экс-элчи “үчүнчү” күчтөрдүн бул оюнун бузуу үчүн тирешүүгө кыйыр салым кошуп жаткан активдүү жарандарды, журналисттерди, жалпыга маалымдоо каражаттарын “оюнга” катышуудан баш тартууга чакырат.
Буга чейин “легендарлуу” атыккан парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов “эки шумкар чокушса, бир каргага жем болот” деп айтып, экөөнү түшүнүшүүгө келүүгө чакырган эле. Ал Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевди кастыкты токтотуп, коомду бөлүп-жарбоого чакырган. Кийинчерээк бул тууралуу пикирин “Супер-Инфого” берген маегинде кенен түшүндүрүп: “Атамбаевдин өз бийлигин сактап калуу аракети жок. Болгон күндө да бул мүмкүн эмес. Текебаевдин да рационалдуу жактары бар. Мына, экөөнүн ортосунда айтылар сөз айтылды, аны тийиштүү органдар текшерип жатат, эми муну токтотуп койгула, кучакташып жарашып алгыла дебейм. Бирок статус-кво абалына келгиле. Мындан ары күчөтпөгүлө. Буга катар "атаңгөрү, ушул экөөнүн таймашы эмне менен бүтөр экен" деп, "бири-бирине көбүрөөк жаман сөз айтса экен" деп, ошого кызыгып, күчөтүүгө аракет кылгандар бар. Буга жол бербеш керек”, - деген.
Президент Алмазбек Атамбаев да, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев да журналисттер менен сүйлөшүүдө кайсы бир саясий окуяларды уламыштарга байланыштырып салыштырганды жактырышат. Ынтымактын баалуулугун чагылдырган “бир чыбыкты сындырып көр, эми бир тутамга чогултулган он чыбыкты сындырып көр” деген осуят жомок баарынын эле эсинде чыгар. Андыктан азыркы кырдаалда “Атамбаев менен Текебаевдин касташуусунан ким пайда көрүп жатат?” деген суроо үстүндө талдоо жүргүзүү керек. Эгерде экөө жүз карашпай калган, жарашуу үчүн кол сунушпай турган абалга жетсе, анда ким утат? Окуянын мындай нукта өнүгүүсү оң жыйынтыкка алып келеби же анын кесепеттери бүтүндөй өлкөгө зыян тийгизеби? Мына ушундай соболдорго баш катыруу мезгили келди. Анткени эки саясатчы тең тажрыйбасы мол, кезинде акаевдик режимди да, кийин бакиевдик режимди да кулатууга катышкан лидерлер, өз электораты бар партияны түптөөчүлөр, бир кайыкта, бир жээкте жүргөн санаалаштар. “Эң жакын адамдардан эң мыкты душмандар чыгат” деп коюшат. Атамбаев Текебаевди кандай жакшы билсе, Текебаев Атамбаевди ошондой эле деңгээлде жакшы билет. Бири-биринин жетишкендиктери менен кошо кемчиликтери, талуу жерлеринен да жакшы кабардар. Учурдагы тирешүү “үчүнчү” күчтөрдүн уюштуруусунда тутанган болсо, анда Атамбаев да, Текебаев да сындырууга оңой болгон бир чыбыкка айланып калбоонун жолдорун ойлонушу керек...
Синоптиктердин алдын ала эскертүүлөрүнө карабай, Бишкек шаарынын мэриясына кыш адаттагыдай быйыл да капилет келди. Калың түшкөн кардан 100гө жакын бак-дарактар кулап, андан шаар тургундары жаракат алып, 20дан ашуун унаанын ээлери материалдык зыян тартышты. Расмий эмес маалыматтарга караганда, борбордо 1 миллионго чукул адам жашайт. Мамлекеттик мекеме “өрттөн кийин” деген тартипте иштебей, кырсыкты болтурбоонун, анын алдын алуунун үстүнөн иштеши керек. Аба ырайынын бузулушу айттырбай келген заманда жашабаган соң, мэрия элементардык түрдө синоптиктер берип жаткан маалыматты эске алып, ошого жараша аракеттерди көрүшү керек. Антпесе “Жашылдандыруу” ишканасы, аны жетектеген мэрия кыла турган ишти шамал менен кар аткарганы калды. Адам өлтүргөн кылмышкер 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат. Шаар башкармалыгынын шалаакылыгынан куураган дарак басып канча адам өмүрү кыйылды. Ал адамдардын өлүмү үчүн ким жооп берет?..