20-апрелден баштап Кыргызстанда дизел майынын баасы 50 тыйынга көтөрүлдү. Маалыматка ылайык, буга Орусиянын өзүндө жазгы талаа иштери үчүн күйүүчү майдын жетишсиздиги себеп болууда. Орусиянын мунай заводдору дизелдин баасын 2 сом 30 тыйынга жогорулаткан. Кыргызстанда мурда ташылып келген майдын топтому болгондуктан, дизелдин баасы азырынча 50 тыйынга кымбаттады. Эки аптадан кийин дагы 50 тыйынга кымбатташы күтүлүп жатканын Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди. Аталган ассоциациянын маалыматы боюнча, дизел майынын баасы 1 сом 50 тыйындан ашык көтөрүлбөйт. Белгилей кетсек, учурда дизел майы 40 сом 10 тыйындан сатылууда. Бензиндин баасында өзгөрүү болгон жок.