Ошто “тургунду сабап, денесине оор залал келтирген” деген шек менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ошто “тургунду сабап, денесине оор залал келтирген” деген шек менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын октябрь айында милиция кызматкерлерине Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар аны эч себепсиз сабап, денесине оор залал келтиришкенин айткан. Бул кылмышка шектүү катары 18-ноябрь күнү 1990-жылы туулган А.уулу К. кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

А.уулу К. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин каттоосунда турган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан