Чүй облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү баңгизат менен кармалды

Чүй облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ноябрь айынын ортосунда Жайыл районундагы Сосновка постунда Бишкекке келе жаткан Тойота Превиа үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаанын багажын текшерген учурда жашылча-жемиштердин ортосуна катылган баңгизат табылган. Анын жалпы салмагы 3 килограмм 100 грамм болгон. Учурда унаанын айдоочусу 1980-жылы туулган У.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган.

Ал буга чейин Чүй облусундагы абактарга баңгизатын ыргытуу менен алектенип келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Arslan12
2016-11-22 10:10:48
Бангизат менен кармалса омур бою кесиш керек!
+1
keba300989
2016-11-22 10:52:45
Arslan12, Бүрөөгө өлүм тилегиче өзүңө өмүр тиле дейт.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан