Быйыл күз мезгили жаанчыл гана болбой, айлананы ак карга орогон көрүнүшү менен да башка жылдардан айырмаланды. Ноябрь айында борбор калаада калың жааган кар күрөлбөй, жол тыгындары, сууктан сырткары кулаган бактар да бир топ көйгөйлөрдү жаратты. Бул жылы суулуу кар нормадан ашык жаагандыктан, 4 күндүн ичинде "Жашылдандыруу" ишканасынын кызматкерлери сынган 194 бутак, 73 даракты жыйнап, шаардын тазалыгын иретке келтиришкен.
"Кыштын кыштай болгону жакшы" деген менен, кыш мезгилинин башталышына дагы бир жума убакыт бар. Эрте келген бул мезгил көйгөйлөрдү эле эмес, борбор калаага таза аба, кооздук алып келгенин жогорудагы сүрөттөрдөн байкоого болот.