Бишкекте 12 жаштагы кореялык өспүрүмдү тоноого шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 7-ноябрь күнү саат 13:30 чамасында М.Горький жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафелердин биринде болгон. Анда белгисиз балдар 2004-жылы Түштүк Кореяда туулган Жонг Мингюну коркутуп, 39 миң сомдук уюлдук телефонун тартып алышкан. Бул кылмышка шектүү катары изи сууй электе Д.А., С.Э., К.Т. жана Р.А. кармалган. Аларды текшерүү учурунда Д.Анын чөнтөгүнөн Жонг Мингюга тиешелүү уюлдук телефон табылган. Кылмышка шектүү катары кармалгандар жашы жете элек өспүрүмдөр болушкан.
Ал эми айрым маалымат каражаттары Д.Анын милиция кызматкерлери тарабынан сабалганын жазышты, бирок бул маалыматты Бишкек ШИИББи төгүндөп жатат.
“Д.А. милиция кызматкерлеринен качып баратып жыгылып кеткен. Мындан улам ал тизесинен жараат алган. Ага милиция кызматкерлери тарабынан эч кандай кыйноо болгон эмес”, - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.