Бишкекте бейбаштыкка шектелип 26 жаштагы кыз кармалганын бүгүн, 22-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Бишкек ШИИББинин маалыматы боюнча, окуя 21-ноябрь күнү саат 06:20 чамасында катталган. Анда Москва жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде мас абалдагы белгисиз кыз Бишкек шаарынын 31 жаштагы Н.Н. аттуу тургунуна таандык унаанын айнегин сындырып салган. Изи сууй электе кылмышка шектүү катары 26 жаштагы С.К. аттуу Казакстандын жараны кармалган. Учурда ал тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.