Балыкчы шаарына жакын жердеги май куюучу жайды карактаган 5 адам кармалды. Алардын бири жашы жете элек өспүрүм

Балыкчы шаарына жакын жердеги май куюучу жайды карактап, сейфтен 193 миң сом алып кеткендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ысык-Көл ОИИБинин маалыматы боюнча, окуя үстүбүздөгү жылдын 4-сентябрынан 5-сентябрга караган түнү болгон. Анда белгисиз адамдар “Петролеум” май куюучу жайына киришип, 1989-жылы туулган Т.Алмаз жана 1998-жылы туулган Т.Анварды тапанча менен коркутушуп, акча талап кылышкан. Акча берүүдөн баш тарткан кызматкерлерди сабап, сейфтен 193 миң сомду алып кетишкен.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган Н.Кудис, 1994-жылы туулган М.Нурахмат, 1992-жылы туулган Ж.Адилет, 2000-жылы туулган М.Максат, 1997-жылы туулган А.Кайрат кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылган иштерин моюндарына алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан