ЖЫЛНААМА, 22-НОЯБРЬ: АКШнын 35-президенти Жон Кеннеди 46 жашында киши колдуу болуп каза тапкан

Мындан 53 жыл мурун Америка Кошмо Штаттарында афроамерикалыктардын укугун теңдөөгө чоң салым кошкон 35-президент Жон Кеннеди киши колдуу болуп каза тапкан. Ушул күнгө чейин анын өлүмүнүн сыры ачылбай келет.
1963-жылдын 22-ноябрында саат 12:29 чамасында АКШнын президенти Жон Кеннедиге Техас штатындагы Даллас шаарынын Хьюстон жана Элм көчөлөрүнүн кесилишинде лимузинде кетип бараткан учурда эки жолу, айрым маалымат боюнча үч жолу ок атылган. Бир ок президенттин каракушун аралап өтүп, экинчи ок анын башынын оң жагына тийген. Оор жарадар болгон Жон Кеннеди Далластагы Парклэнд ооруканасына жеткирилип, бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
АКШнын мамлекет башчысынын өлүмү тууралуу суук кабар элге тез тарап, бул окуяга шектелип Ли Харви Освальд аттуу адам Далласта камакка алынган. Бирок ал бул кылмышты мойнуна алган эмес. Камакка алынгандан эки күн өтпөй Освальддын өзү да түз эфир учурунда атылып өлтүрүлгөн. Освальдды аткан Жэк Руби аттуу адам Далластагы түнкү клубдун кожоюну экени маалым болгон.
1964-жылкы расмий тергөөнүн жыйынтыгында "Освальд президент Кеннедини жалгыз өзү өлтүргөн, анын артында эч ким турган эмес жана Освальддын өзүн өлтүргөн Рубинин артында да эч кандай күчтөр жок" деген тыянак чыгарылган. Бул каргашалуу окуядан бери канча жыл өтсө да, америкалыктар үчүн президенттин өлүмүнүн сыры тууралуу маселе талаш-тартыш бойдон калууда.
Жон Кеннедини акыркы сапарга узатуу зыйнаты 1963-жылы 25-ноябрда болуп өткөн.

22-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан