Досалы Эсеналиев өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматынын башчысы болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун 22-ноябрда өкмөттөн билдиришти. Буга чейин аталган кызматты Абдыллабек уулу Манас жетектеп келген.
Досалы Эсеналиев 1965-жылы 11-апрелде Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Серек айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1990-жылы Кыргыз улуттук университетин тарых адистиги боюнча аяктаган.
Бир топ жыл эл аралык уюмдарда, президенттик администрацияда иштеген. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо "Бир бол" партиясынан талапкер болуп чыккан.