Көк-Жардагы бүтпөй калган 9 кабаттуу үйлөр боюнча соттук отурум 2 айдан бери жылдырылууда

Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунда курулушу бүтпөй калган 9 кабаттуу бир нече үй боюнча соттук отурум 2 айдан бери өтпөй жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда SUPER.KG порталына нааразы болгон 300 адамдын атынан түзүлгөн комиссиянын төрайымы Нурлана Исмаилова билдирди.

Маалыматка ылайык, Көк-Жар конушунда 2012-жылы үйлөрдү кыргыз-араб "Аль-Хнейзи" жоопкерчилиги чектелген коомунун буйрутмасынын негизинде “О.П.П.С. Строй” курулуш компаниясы куруп баштаган. Бирок курулуш аягына чыкпай, 300 адам үй ала албай же акчасын кайтара албай калган.

"Курулуш компаниясын сотко бергенбиз. 2016-жылдын 13-октябрында биринчи соттук отурум болмок. Биздин ишти Октябрь райондук соту карамак болгон. Октябрь айынын башынан бери соттук отурум жылдырылып келе жатат. Эл кыйналып кетти. Мен 20 миң АКШ доллары өлчөмүндө аталган компанияга акча которгон болчумун. Ал эми айрымдар 60 миң АКШ долларына чейин каражат төлөшкөн", - деп билдирди Исмаилова.

Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө көп кабаттуу үйлөрдүн айрымдары 6-кабатка чейин курулса, айрымдарынын пайдубалы түптөлгөн боюнча турат. Маалым болгондой, курулуш жүрүп жаткан 1 гектар 75 сотых жер "Аль-Хнейзи" жоопкерчилиги чектелген коомуна 49 жылга ижарага берилген.

"О.П.П.С. Строй" курулуш компаниясынын жетекчиси Руслан Хамдамов бир канча жолу убада берип, алдап келген. Анын мыйзамсыз аракеттери үчүн текшерүү болуп, ал азыр убактылуу кармоочу жайда жатат", - деп кошумчалады Исмаилова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
abusait
2016-11-23 10:29:47
Мен да ушу компаниядан иниме уй
ал деп сунуштагам. Жакшы Иним конбой койгон . Кыпкызыл балээсине калмак экем. Бироого ишениш ото кыйын азыр. Айрыкча баштан откондон кийин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан