Ширин Айтматова: "Мен атам колдонгон унааны саткан эмесмин"

“Атам Чыңгыз Айтматов Бельгияда элчи болуп жүргөндө колдонгон унааны саткан эмесмин”. Мындай маалыматты улуу жазуучунун кызы, Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматова өзүнүн интернет баракчасына жарыялады. Айтымында, ал унааны учурда КРнын Тышкы иштер министрлиги пайдаланып жүрөт. “Унаа Бельгиядан музейге коюлчу экспонат катары алынып келинген. Бирок ТИМ берген жок. Унаа коллекциялык эмес, ал эски. 2 жыл мурун аны аталган өлкөдөн алып келе жатканда 500 долларга бааланган”,- дейт Айтматова.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан