"Бишкектеги №61-мектептин окуучусун уруп, кир жуучу машина алып берүүнү талап кылды" делген арыз боюнча түзүлгөн комиссия окуучунун сабалганын четке какты. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова билдирди.
"Мектепте окуучу бала мугалим тарабынан сабалды" деген иш боюнча 11-ноябрда Билим берүү министрлиги тарабынан атайын комиссия түзүлгөн. Аталган комиссия бүгүн иштин жыйынтыгын чыгарып, баланын сабалбаганын аныктады. Баланын апасы укук коргоо кызматына арыз менен кайрылган. Эми окуянын жүрүшүнө алар укуктук баа беришет", - деп билдирди Мейрманова.
Сауле Мейрманованын маалыматына ылайык, "2-класстын окуучусун сабады" деп айыпталып жаткан Людмила Макарова директордун орун басары кызматынан бошотулган.
Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Бишкектеги 61-мектептин мугалиминин үстүнөн 2-класстын окуучуларынын ата-энелеринен арыз түшкөнүн билдирген.