Бишкек. Биринчи Май районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Борбор шаардын Биринчи Май районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Бишкек ШИИББинин маалыматына караганда, окуя 28-сентябрь күнү болгон. Анда 36 жаштагы Д.Н. аттуу шаар тургунуна таандык Ауди А4 үлгүсүндөгү унаасын чала тааныш жигит ишеничине кирип айдап кеткен. Бирок ушул күнгө чейин качып, бербей жүргөн. Бул боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 25 жаштагы С.К. кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан