Акыркы 2 күн аралыгында суулуу кардын айынан Бишкекте 9 дарак кулап, 68 бутак сынып түшкөн

"Жашылдандыруу" ишканасынын кызматкерлери кулаган дарактардан арылуу иштерин улантышууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы бүгүн, 22-ноябрда кабарлады.

"Жашылдандыруу" ишканасынын кызматкерлери суулуу кардын айынан кулап калган, куураган дарактардан арылуу иштерин улантышууда. Акыркы маалыматтарга ылайык, 21-22-ноябрь күндөрү шаардыктардан 137 кайрылуу түшүп, 9 дарак, 68 бутак сынган. Алардын 47си алынды. Авариялык абалдагы дарактарды жыйноого 120 кызматкер, 12 атайын техника, 6 автокөтөргүч (автовышка) тартылды", - деп айтылат маалыматта.

Дарактардын кулашынан жапа чеккендер жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
arzuuu
2016-11-23 00:26:13
68 бутак )))) санап чыкканына шегим бар))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан