Бүгүн, 22-ноябрь күнү эртең менен интернетке Патрулдук милициянын кызматкеринин пара алып жатканы тууралуу видео чыкты. Анда кызматкердин айдоочудан 100 сом алып жатканы көрсөтүлгөн. Бул боюнча Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгына кайрылганыбызда, басма сөз катчысы Таалай Бугубаев видеонун сапаты начар болгондуктан, кызматкерди табуу кыйынга туруп жатканын айтты.
“Бул видео мурда тартылса керек. Учурда биздин балдар андай форма кийишпейт. Видеонун сапаты начар жана кызматкердин бети жакшы көрүнбөгөндүктөн, аныктоо кыйынга турууда”, - дейт Бугубаев.