Бүгүн, 22-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Жергиликтүү кеңештердин жаңы шайланган депутаттарына кызматтык күбөлүк жана алтын жалатылган төш белги жасоого салык төлөөчүлөрдөн чогулган акчадан өкмөт 6,3 миллион сом жумшамакчы. Мындай маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. 4,5 миллион сомго 9000 төш белги, 1,8 миллион сомго 9000 күбөлүк жасалмакчы.
Кыргыз мамлекети Бириккен Улуттар Уюмунун ИДП көрсөткүчү боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн тизмесинде 156-орунда турат. Салыштыруу иретинде карасак, коңшу Казакстан бул тизмеде 59-орунда, Өзбекстан 139-орунда. Учурда мамлекеттик карыздын көлөмү 4 миллиард доллардан ашык. Мына ушундай кейиштүү абалына карабай мамлекет миллиарддаган сомду чапчыган бир жумалык оюн-зоокторду өткөрүп, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын төшүнө алтын жалатылган төш белги тагып бермекчи. 11 жыл Улуу Британияны башкарган Маргарет Тэтчердин “эч кандай мамлекеттик акча деген жок, салык төлөөчүлөрдүн гана акчасы бар” деп өз учурунда мамлекеттик казына тууралуу таамай түшүнүк берип кеткен жайы бар. Биздеги мамлекеттик мекемелерде мамлекеттик казынага карата Тэтчердикиндей мамиле байкалбайт. Буга далил - маал-маалы менен мамлекеттик сатып алуулар порталында пайда болуп, коомчулуктун кескин сынынан кийин артка чакыртылып алынган “заказдар”. Мамлекеттик кызматкерлер элдин эсебинен бассейнге сүзүүдөн, футбол ойноодон, алтын саат тагынуудан кайра тартышпайт. Алган аз айлыгынан, тапкан кирешесинен мамлекеттин казынасына акча берип жаткан салык төлөөчүлөр өзүнүн акчасынын мындай чыгашаларга жумшалышына макул болбосу анык.
Либералдык көз караштагы саясатчылар мамлекетти өнүгүү жолуна салуу үчүн биринчи кезекте мамлекеттик системге тамырлап кеткен коррупциянын тамырын кыркуу керектигин, бизнеске мамлекеттин кийлигишүүсүн минималдаштырууну жана президенттин, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин аппараттарын, бири-бирин кайталаган органдарды кыскартуу керек деген зарылчылыкты айтып келишет. Президенттикке аттанган, өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн, ар бир талапкер, Жогорку Кеңешке шайлоого аттанган ар бир партия "биринчи кезекте коррупция менен күрөшөбүз, анын тамырын кыркабыз" деп убада беришет. План-программаларына аны жоюучу схемаларды киргизишет. Ошого карабай коррупциянын деңгээли боюнча деле Кыргыз өлкөсү мактанарлык жыйынтыктарга жетпей келет. Коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча дүйнөлүк рейтингде биздин мамлекет 123-орунда. Бул "мамлекетте коррупция тамырлап кеткен" деген жыйынтык. Мурунку башкаруу режимдерине каршы күрөшкөн оппозиция дал ушул айыпты бийликке коюп келген. Ошол күрөштүн негизинде бийликке келген учурдагы башкаруучулар деле бул көрсөткүчтү жакшыртып жиберише элек...
Аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү “айлык төлөбөсө иштебейбиз” деп иштөөдөн баш тартышууда. Бул кабарды Жогорку Кеңеште Коснтитуциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитеттин башчысы Асел Кодуранова билдирди. Каржы министрлигинин билдирүүсү боюнча референдум үчүн 135 миллион, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого 258 миллион сом каралууда. Буга кошумча кыргыз өкмөтү Конституцияны өзгөртүү үчүн референдум өткөрүүгө 260 миллион сомго урна сатып алмакчы. 2015-жылкы парламенттик шайлоого добуштарды электрондук түрдө эсептөөчү 3700 урна сатылып алынган. 11-декабрда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо менен кошо референдум да өткөнү жаткандыктан, кошумча 2000 урна сатып алуу зарылчылыгы келип чыккан. Анткени жергиликтүү шайлоонун бюллетени үчүн өзүнчө, референдум бюллетенин салууга өзүнчө урна коюлмакчы. Маалыматтарга таянсак, урналар Евросоюздун каражатына сатылып алынат. Кошумча урна сатып алууга 2016-жылдын республикалык бюджетинен акча каралган эмес. Бюджет кабыл алынып жатканда Конституцияны референдум аркылуу өзгөртөбүз деген демилге жарыялана элек болчу. Эл аралык донорлордон миллиондоп келип жаткан гранттар жардылыкты жоюу, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, айыл чарбаны өнүктүрүү, эл аралык стандарттарга жооп бере турган ветеринардык, фитосанитардык лабораторияларды куруу, ишкердикти өнүктүрүү өңдүү иштерге жумшалбай кошумча урна алуу өңдүү иштерге жумшалып жатканы “Мамлекетти жакынкы келечекте өнүгүү күтөбү?” деген суроого жакшы жооп болчудай...