Кара-Кулжа районунда ички чарбалык жолдор толук тазаланды

Кара-Кулжа районунда ички чарбалык жолдор толук тазаланды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 1 бульдозер жана райондук Жол тейлөө ишканасынан 1 бульдозер, 2 жүктөгүч тартылган.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 17-ноябрында түнкүсүн Алайкуу өрөөнүндө кар жаап, Ой-Тал, Кызыл-Жар, Алайкуу айыл аймактарында кардын калыңдыгы 1 метрге чейин жеткен. Натыйжада Ой-Тал айыл аймагынын Көңдүк айылында, Кызыл-Жар айыл аймагынын Терек, Коо-Чаты айылдарында, Алайкуу айыл аймагынын Көк-Арт, Кан-Коргон айылдарында ички чарбалык жолдор жабылып калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан