Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 1 жана Ысык-Көл облусунда 1 өрт катталган.
Панфилов районунун Киров айылында турак үйдөн өрт чыгып, 25 чарчы метр шыбы, бөлмөдөгү жууркандар күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна жылытуучу мештердин жана морлордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон.