21-апрель күнү саат 17:40 чамасында Бишкекте жол кырсыгы болуп, бир адам көз жумду. Окуя шаардын Жукеев-Пудовкин көчөcүндө болуп, Тойота Ленд Крузер унаасы жолдо токтоп турган 3 унааны, андан соң жөө жүрүүчүнү, 1992-жылы туулган А.К. аттуу кош бойлуу келинди сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен келин окуя болгон жерден эле көз жумган.
Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, Тойота унаасынын айдоочусу 59 жаштагы В.Н. рулда бара жатып жүрөгү кармап калган. Учурда айдоочу өзү оор абалда ооруканада жатканы айтылды. Ал эми ИИМдин кызматкерлери кылмыш ишин козгоо тууралуу талкуу жүргүзүүдө.