Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин 5 комитетинин төрагаларын шайлоо өтөт. Шайлоо жашыруун добуш берүү аркылуу өткөрүлөт.
Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагалыгына "Ата Мекенден" Сайдулла Нышанов жана "Республика-Ата Журттан" Таабалды Тиллаев, Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагалыгына "Республика-Ата Журттан" Мирлан Жээнчороев, "Өнүгүү-Прогресстен" Тынчтык Шайназаров ат салышууда.
Coциалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымдыгына Гүлкан Молдобекованын (КСДП) талапкерлиги сунушталган. Буга чейин бул комитетти Садык Шер-Нияз ("Ата Мекен") жетектеген.
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагалыгына Айтмамат Назаровдун ("Кыргызстан") талапкерлиги сунушталган. Буга чейин бул комитеттин төрагасы Мирлан Бакиров ("Өнүгүү-Прогресс") болгон.
Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагалыгына Аскарбек Шадиевдин ("Бир бол") талапкерлиги сунушталган. Буга чейин комитет төрагасы Алмазбек Баатырбеков ("Кыргызстан") болгон. Баатырбеков фракция лидери кызматына шайлангандыктан комитет төрагалыгынан кеткен.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештеги оппозициялык альянска аталган 2 комитет жана 1 вице-спикерлик бөлүнөт. Парламенттеги оппозицияга 3 фракция: "Ата Мекен", "Республика-Ата Журт" жана "Өнүгүү-Прогресс" кирет. Учурда вице-спикер кызматын "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова ээлеп турат.
Буга чейин Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагалыгына "Өнүгүү-Прогресстен" Зиядин Жамалдиновдун талапкерлиги сунушталган эле. Бирок ал комитет төрагалыгына талапкер болуудан баш тартып, ар бир оппозициялык фракцияга бир кызматтан берилсин деп сунуштаган эле.