Жалал-Абад облусунда 900дөн ашуун адамдан 8,5 миллион сом акча алып, бербей жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков билдирди.
Маалыматка караганда, Ноокен районундагы Масы айылынын тургуну Уулкан Каримова 2013-жылы “Бекбол Эл” бирикмесин түзгөн. Ал ошол эле жылдын август айында “Концерн Барс Кейжи Инвест” ассоциациясы менен келишим түзүп, 900дөн ашуун жаранга 50 миң доллардан 2 миллион долларга чейин пайызы жок насыя алып берүүнү убадалаган. Мындан улам ар бир жарандан 8 миң сомдон 50 миң сомго чейин акча алып, бирок берген убадасын аткарган эмес. Жалпы элден чогулган акча 8,5 миллион сомдон ашкан.
"Учурда кылмышка шектүү Уулкан Каримова кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат", - дейт Турдубеков.
Ал эми Уулкан Каримова жергиликтүү телеканалдардын бирине: "Кытай тараптын колдоосундагы бул долбоор жакырчылыкты жоюуга багытталган. Насыянын кечеңдешине Кытай элчилигиндеги жардыруу себеп болууда. Жакында убадаланган акчалар өз ээлерин табат", - деп комментарий берген.