Бишкекте унаа уурдоого аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 21-ноябрь күнү милиция кызматкерлерине И.У. аттуу шаар тургуну кайрылып, 17-ноябрь түнү белгисиз адам Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаасынын айнегин сындырып, айдап качууга аракет кылганын айткан. Бул боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, анын негизинде кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган С.Т. кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.