Жогорку Кеңеште бүгүн, 23-ноябрда жаңы депутат болуп келишкен Исланбек Сарсейитов менен Алмазбек Эргешов ("Кыргызстан" фракциясы) ант беришти. Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков жалпы депутаттардын атынан жаңы эл өкүлдөрүн куттуктап, алардын ишине ийгиликтерди каалады. "Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты парламентте ант бергенден кийин өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.
Эскерте кетсек, аталган фракциянын 2 депутаты жакында аткаруу бийлигине кеткен. Чолпон Султанбекова вице-премьер-министр, Таалайгүл Исакунова эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп дайындалган.