Ысык-Көл облусунда “32 жылкы, 7 уй уурдаган” деген шек менен мурдагы айыл өкмөт башчысы башында турган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, кылмышка шектүү катары Кочкор районунун 49 жаштагы тургуну Э.Эдилбек, 36 жаштагы Б.Эстебес, 37 жаштагы М.Дуланбек жана дагы бир жаран кармалган. Алар бир канча жылдан бери Ысык-Көл, Чүй жана Нарын облустарында мал уурулук менен алектенип келишкен.
“5 адамдан куралган кылмыштуу топтун башында 49 жаштагы Э.Эдилбек турган. Ал мурда Кочкор районундагы айылдардын биринде айыл өкмөт башчысы жана айылдык кеңештин депутаты болуп жүргөн. Кылмыштуу топко өзүнүн өкүл баласын жана туугандарын тарткан. Алар жыл башынан бери Тоң районунан 32 баш жылкы, Ысык-Көл районунан 7 баш уй уурдашкан. Аларды союшуп, Бишкекте эт саткандарга дүңүнөн өткөрүп келишкен. Учурда кармалгандар тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат. Ал эми кылмыштуу топтун бир мүчөсү Кочкор РИИБ тарабынан кармалып, камакка алынган”, - дейт Сталбек Усубакунов.